www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди жөн жерден камаган жок, алардын далилдери жетиштүү», - деди бүгүн, 7-июнда NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Ибрагим Жунусов.

- Ибрагим Кожоназарович, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн калпыс иштери үчүн кармалдыбы же прокуратура далили жетишсиз болсо деле күчкө салып, камап салдыбы?

- Алымкадыр Бейшеналиевди Башкы прокуратура жөн эле жерден камабаса керек. Тагыраагы, прокуратуранын анык далилдери бар болгон үчүн, мыйзам бузгандары боюнча жетиштүү маалыматтар болгон үчүн камашты деп ойлойм. Болбосо, Башкы прокуратура министрди жөн жерден камап, катар-катар кылмыш ишин козгобойт эле.

- Бирок, ортодо Баш прокурор менен министрдин тиреши камоого алып барды деп жатышат го…

- Башкы прокурор өч алыш үчүн же жеке кызыкчылык үчүн министрди камабайт деп ойлойм... Мүмкүн камакка алынгандар Алымкадыр Бейшеналиевге каршы көрсөтмө беришкендир... Ири суммадагы мыйзамсыз жумшалган акчалар, коррупциялык иштерин прокуратура далилдегенден кийин айтар. Бирок, Алымкадыр Бейшеналиевдин интервью бергенде, сүйлөгөндө мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай, мамлекеттик кызматтын аброюн түшүрдү.

Эске салсак, 4-июнда Алымкадыр Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан да убактылуу четтетилген. Буга Бейшеналиев боюнча териштирүү жүрүп жатканы жана экөөнүн ортосунда түзүлгөн жеке мамиле да себеп экени айтылган.

Ошол эле күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын бир айлык камак деп аныктап, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган. Жактоочу сотто Бейшеналиевдин жүрөк оорусу бар экенин, ошондуктан, аны камоого болбой турганын жүйө келтирген.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости