www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн Орусиянын учагын Сербияга өткөрбөй коюусу акылга сыйгыс нерсе. Мындай пикирин РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Албетте, ойго келбеген нерсе болду. Сербия эгемендүү мамлекет, бирок ал тышкы саясат жүргүзүү укугунан ажырады. Сербиянын Орусия багытындагы эл аралык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду", — деди министр.

Ошондой эле ал "Батыш өлкөлөрү орусиялык министрдин Сербияга иш сапары масштабдуу коркунуч алып келет деп эсептсе, анда абал абдан начар экен" деп баа берди.

Мындан тышкары, Лавров пландалган жолугушууну өткөрүү үчүн сербиялык кесиптешин Москвага чакырды.

Жекшембиде Болгария, Черногория жана Түндүк Македониянын лидерлери Орусиянын тышкы иштер министринин учагын өзүнүн аба мейкиндигинен өткөрүүдөн баш тарткан. Орусиялык делегация Белградга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышы керек эле. Кийин Орусия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Орусия батыштык өнөктөштөрүнө эрегишип "темир көшөгө" орнотпой турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости