www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда мамлекеттин буудайды дыйкандардан базар баасы менен сатып алуу тажрыйбасы ун жана дан азыктарынын кымбатташына алып келди.
1-июндан бери Ташкенттеги дүкөндөрдө бир бөлкө нандын баасы 1600 сумдан 2800 сумга чейин (80 пайызга) жогорулады. Мындан тышкары башка көптөгөн ун жана дан азыктары да 30-40 пайызга кымбаттады.
Ошол эле маалда буудайга болгон сатып алуу баасынын жогорулашы дыйкандар үчүн пайдалуу болууда: 1-июндан тарта алар мамлекеттин буйрутмасы менен өстүрүлгөн буудайдын 1 килограммын 3 миң сумдан (0,27 доллар) сата башташты. Былтыр мамлекет дыйкандардан 1 килограмм буудайды 1850 сумдан сатып алган.
Украинадагы согушка байланыштуу учурда дүйнөлүк базар буудай менен дан азыктарынын жетишсиздигине дуушар болууда. Мындан улам дүйнөдө азыктын бул түрлөрү жана башка негизги товарлардын баалары жогорулайт деп күтүлүүдө.
"Уздонмахсулот" мамлекеттик ишканасы быйыл дыйкандардан 1 миллион 800 миң тоннага жакын буудай сатып алуу пландалып жатканын билдирди.
"Быйыл 1 миллион 783 миң тонна сатып алууну пландап жатабыз. Анын бир бөлүгүнөн ун өндүрүлсө, калганы резервде калат. Азыр биздин кампаларда резерв жетиштүү. Бизден тышкары жеке ишкерлер да чет өлкөлөрдөн буудай жана ун алып келүүдө",– деди ишкананын басма сөз катчысы Гофуржон Каршибоев.
Өзбекстандын Каржы министрлигинин өкүлү Тулкин Мирзаев 2-июнда Ташкентте өткөн басма сөз жыйынында ундун кымбатташы убактылуу көрүнүш экенин айткан. "Баалардын жогорулашынын негизги себеби Украинадагы согуштан улам жаралган дүйнөлүк базардагы абал жана сырттан келип жаткан ундун кымбаттыгы. Бирок Өзбекстанда ундун запасы жетиштүү, жакынкы күндөрү базарга кошумча 50 тонна жергиликтүү ун чыгарылып, баалар турукташат", – деген Мирзаев.
Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги быйыл июнь-июль айларында өлкөдө буудайдын 7 миллион 679 миң тонна түшүмү жыйналат деп божомолдоодо. Былтыр жыйналган түшүм 6 миллион 656 миң тоннаны түзгөн.
Булак: NazarNews.kg