www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулу президенттикке талапкер Садык Шер-Ниязга шайлоо өнөктүгүндө жардам берүүнү чечти. Бул тууралуу ал 11-ноябрда Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

“Шайырбек Абдырахман мырза экөөбүз бул кишиге эмгек акы сурабай эле жардамдашалы деп чечтик. Маданият тармагынан бир киши болсо да жарышка аттансын, саясий жарыш өзү атаандаштык менен өтүшү керек деп ойлойбуз.

Ал эми биздин пресс-катчылык кызмат адаттагыдан бир аз башкача болот. Биз бул кишиге фанат болуп, берилип, ашыкча көкөлөтүп мактайлы дегенден алыспыз. Тескерисинче, кандай кемчилиги болсо бетке айтып түзөтүп турабыз. Биз, Сакеме эч нерсе карыз эмеспиз, карыз да болбойбуз.

Жеке өзүм үчүн айтсам, Садык Шер-Нияз президенттик кызматка шайланып калса, андан кандайдыр бир мамлекеттик кресло сурабайм.

Ошондуктан, айрыкча, мугалимдер, доктурлар, журналисттер, жаштар, маданият кызматкерлери сиздерден да билимдүү адамды колдоо үчүн акысыз жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Өз кезегинде биздин колдоочулардан Садык Шер-Нияздын атаандаштарын кемсинткен, келекелеген же кара пиар менен шыбаган иш-аракеттерден карманууңуздарды өтүнөбүз. Биздин максатыбыз кандай жол менен болсо да жеңишке жетишүү эмес. Биз эң ириде өзүбүзгө, андан соң дүйнөлүк коомчулукка президенттик кызмат эмес, идея үчүн күрөшө алаарыбызды, таш менен эмес, баш менен күч сынашуу дараметибизди далилдегибиз келет.

Биз президенттикке ат салышкан ар бир талапкерди сыйлайбыз” – деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости