www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 11-ноябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан КР ЖКнын аппартынын экс-жетекчиси Самат Кылжыев кармалды жана үйүнө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралу жеке булактар билдирет

Маалыматка ылайык, Самат Кылжыев мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин мобилдүү байланыш жыштыктарын мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча кармалган.

 

Эске салсак, буга чейин Кылжыев «Скай Мобайл» компаниясына берилген радио жыштык боюнча иштин алкагында сурак берип жүргөнү кабарланган.

Ошондой эле 7-ноябрда Самат Кылжыевдин өлкө жетекчилигине бул иш боюнча тергөөнү тездетүүнү суранган кайрылуусу жарыяланган. 

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расмий түрдө Кылжыевдин кармалганы жөнүндө маалымат тарата элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости