www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Өзгөн райондук администрация башчысынын биринчи орун басары ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүнүн командачылыгына Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Кош-Этер айылындагы селдин кесепеттерин тазалоого жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул кайрылууну 703 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын жетекчилиги колдоого алышып, 2022-жылдын 2-июнунда 703 аскер бөлүгүнүн (Өзгөн шаары) өзүнчө ротасынын 20 аскер кызматкерин бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышкан.

 

Аталган жерге келген аскер кызматчылары селдин кесепеттерин жоюуга киришип, көчөлөрдү жана короолорду тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Бүгүнкү күндө аскер кызматкерлери айылдын жашоочуларына табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жигердүү жардам берип жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости