www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасындагы Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым элчиси Сяо Цинхуа менен жана Катар мамлекетинин элчиси Абдулла Бин Ахмед Аль –Сулейти менен жолугушуларды өткөрдү. Бул жолугушуулардын максаты, Кытай Эл Республикасы жана Катар мамлекети менен коопсуздук маселеси менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.
Министр биринчилерден болуп Кытай Элдик Республкасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым элчиси Сяо Цинхуа жана расмий өкүлү Цай Чжисюнды кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 69 жылдык майрамы менен куттуктады жана элчиге сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз республикасынын ички иштер министрлиги коопсуздукту сактоо багытында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн элдеринин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызматташуу жолдорун талкуулашты.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө КЭРдин коомдук коопсуздук министри менен жолугушуу маселеси да талкууланды жана мындан ары өз ара кызматташуу, ошондой эле өз ара укук коргоо органдарынын коопсуздук маселесинде ишмердүүлүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Ушул эле күнү ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасындагы Катар Мамлекетинин атайын жана толук ыйгарым элчиси Абдулла бин Ахмед Аль –Сулейти менен дагы бир жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Катар ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн бекемдөө боюнча өз ара пикир
алмашуулар, мындан аркы кызматташууларга тешелүү суроолор талкуулануу
менен бирге буга чейинки кызматташуулардын денгээлине жогору баа
берилди.
Ошондой эле эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын коопсуздук
маселесинде ишмердүүлүктү өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Ички
иштер министрлдигинде өткөн эки мамлекеттин Элчилери менен жолугушуу иш
чаралары жакшы достук маанайда өттү деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg