www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын январь айында Ички иштер министрлиги тарабынан буйруккаа кол коюлуп, ага ылайык 2021-жылдагы кызматтык ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыгы боюнча ички иштер органдарынын ардагерлеринин мыкты кеңештери аныкталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар ардагерлер кыймылын өнүктүрүүгө, жаш кызматкерлерди патриоттук жана адептүүлүккө тарбиялоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук тартипти сактоого кошкон чоң салымы үчүн ведомстволук жана акчалай сыйлыктар, атайын вымпел жана төмөнкү номинациялар боюнча диплом менен сыйланды:

- ИИМдин Борбордук аппаратынын «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү — Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам кызматтарынын Ардагерлер кеңеши,

- ИИМдин Борбордук аппаратынын «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү — ИИМдин Финансы чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңештери, 

- ИИМдин «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү — ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын, Республикалык «Намыс» коомдук уюмунун Ыкчам кызматтарынын жана ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңештери,

Облустук ардагерлер уюмдары: - «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү — Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши,

- «Мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү — Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңештери,

- «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү — Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңештери, Ошондой эле ИИОнун Мыкты Ардагерлер кеңешинин төрагалары диплом менен сыйланышты:

- Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Самүдүн Айдаров;

- Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Камчиев Курсанбек Камчиев;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Сатыбалдиев;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ардагерлер кеңешинин текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Жумабек Жугараев;

- Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы майору Калыбек Кыдыкбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости