www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда ПЧР-тест боюнча жасалма сертификат берген жеке лаборатория аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүмү (“Документтерди жасалмалоо”) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган материалдардын алкагында 18-февралда Жалал-Абад шаарындагы Medicana Plus диагностикалык лабораториясынын QR-коддору менен ПЧР-изилдөөнүн терс натыйжасы жөнүндө жасалма электрондук сертификаттарды даярдоо жана таратуу үчүн туруктуу канал түзүп алышкандыгы аныкталды.

“Аталган лабораториянын өкүлдөрү авиакассада иштеген кызмат адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандын чегинен тышкары жүргөн жарандарга жасалма ПЧР-анализдерин сатып жүрүшкөн. ПЧР-тестинин бланкасы 1100 сомдон 1600 сомго чейин болгондугу такталды”, - деп айтылат маалыматта.

COVID-19 үчүн ПЧР-тесттерине муктаж болгондор, андан өтпөстөн, Medicana Plus лабораториясынын башкы кеңсесинин кызматкери А.М. аттуу жаранга Whats app мессенджери аркылуу жарандардын паспортторунун көчүрмөлөрүн берип тургандыгы аныкталды.

Ушундай эле схема Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарында да аныкталган. Аталган лабораториянын жергиликтүү филиалынын медайымы З.С. ПЧР-тесттерин жүргүзүп, Finca Elsom төлөм системасынын терминалдары аркылуу Medicana Plus компаниясынын башкы кеңсесине акча каражаттарын которгон.

Учурда коррупциялык схеманын бардык жагдайларын жана башка дагы катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости