www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жыл өткөн сайын кымбатчылык маселеси курчуп баратат. Элдин жашоосу начарлап, жакырчылыктан чыга албай турабыз. Качан жашоо оңолот, эмне кылуу керек?

- Элибиздеги кымбатчылыкты, жакырчылыкты жок кылып, жашоону оңдой турган өкмөттүн айныксыз иши. Мен мындай деп айтайынчы, кайсы гана өлкө болбосун инфляция 2 пайыздан ашкандан кийин «каатчылык келди» деп түшүнөт, чара көрөт, бул эч кандай жаңылык эмес. Бүткүл дүйнөнүн мен-мен деген экономисттери, финансисттери эчен ирет таржымалын карашып, кедейчилик – эл башындагы мүшкүл иш экенин тастыкташкан. А биз 30 жылдан бери кризистен арыла элекпиз. Себеби, инфляция 2 пайыз эмес, 8-10 пайыздан ылдыйлабады. Буга кошул-ташыл биздин жарандарыбыздын ишке жарамдуулар арасынан жумушсуздук 60 пайыздан ашса ашат, кемибейт. Негизи 6 гана пайыздын тегереги болуш керек. Өнүгө турган мамлекеттин элдери башка жерге жумуш издеп качып кетпейт. Өзгөчө Манастын тукуму чыккан өлкөдөн...

«Бюджеттин тешигин бүтөп атабыз» дегени менен инфляциянын тешигин чоңойтуп салышты. Экөө эриш-аркак жүргөн нерсе. А биздин өкмөттүн сүйлөгөн сөзү Кумтөр, алтын, «бюджетти 300-400 миллиард кылдым» дейт. Ал эми тентиген эл, жакырчылыкка батып бараткандар менен эч кимдин жумушу жок. «Светтин баасын көтөрүш керек» дешет.

Ээ кокуй, жакырчылыкты, каатчылыкты ушинтип жоёбу? «Свет өчтү» дегени – элди огобетер жакырчылык туңгуюгуна такады деген эле кеп. Үйгө келсе свет жок, муздаткычы иштебейт, балдары ачка, тамак бышырып берейин десе шарт жок. Үйдүн ичи айрыкча кыш мезгилинде муз менен таш.

Эртеси балдары, өзү ооруп доктурга жатат. А жерде да свет жок болсо, бул эмне деген жашоо? Инфляция бир ууч гана адамды байытат, көпчүлүк элди жарды кылат. Жардылыгынан көпчүлүк эл мурун колдонулган машине минип жүрүшөт.

Заводдон сыясы кургай элек машинени мага окшогон карапайым эл минбейт. Аны бир ууч көпөстөр гана минишет. Кыргызстандын ичи колдонулган машинелерге толду. Аны кээ бирөөлөр байлык катары айтышат, ал байлык эмес.

Эгер өз күчүбүз менен машине чыгарсак, же өзүбүз барып заводдон жапжаңы машине сатып алсак, ошону айтат «байлык» деп. Эгемендик алгандан бери бюджеттин орчундуу жерин толтурган завод же фабрика кура алдыкпы? Жумушсуздукту азайта алдыкпы? Жок! Демек, жакырчылык көйгөйү жакынкы арада оңой эле чечиле койбойт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости