www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев тарабынан Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө Жобо бекитилди.
Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилип, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Бекитилген Жобого ылайык, Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын негизги милдети ИИМдин тутумун санариптик трансформациялоону камсыз кылуу болуп саналат.
Учурдагы маалыматтык чечимдерди киргизүү, киберкоопсуздук чараларын күчөтүү, мамлекеттик кызматтардын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу артыкчылыктуу багыттардын катарына кирет.
Ошондой эле ыкчам-маалыматтык жана издөө эсептерин өнүктүрүү жана системалаштыруу, атайын эсептерди жана кылмыш иштеринин архивдерин жүргүзүү каралган. Бул маалыматтар аналитикалык ишмердүүлүктө, ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда пайдаланылат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет. («Эркин Тоо» гезитинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги №26 санында жарыяланган).