www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 10-апрелинде австриялык тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Австрия Республикасынын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен телефондо сүйлөшүү өткөрдү.

Тараптар эки өлкө ортосундагы мамиленин учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун 2024-жылы Австрияга жасаган сапарынын жыйынтыгы боюнча өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын белгилешти. Саясий диалогду улантуунун, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Эл аралык уюмдардын алкагында эки мамлекеттин кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулуп, анын ичинде туруктуу тоо өнүгүүсү маселелерин илгерилетүү жана 2027-жылы Бишкек шаарында Экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү маселелери каралды.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз-австриялык мамилелерди мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдарлык ырасталып, жакын арада жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Последние новости