www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

ИИМдин буйругуна ылайык төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты:

— ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды.

— ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болуп Улан Айтбаев дайындалды, ал буга чейин КИББнын башчысынын орун басары кызматында иштеп келген.

— Ушул эле буйруктун негизинде, Ош ШИИБнын башчысы Марлис Асанов ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы кызматына дайындалды.

— Ал эми Чүй ОИИББнын башчысы Дамирбек Исаков Чүй ОИИББнын башчысы кызматынан бошотулуп Ош ШИИБнын башчысы кызматына дайындалды.

— Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБнын башчысы Азамат Байгазиев ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ленин РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.

"Жаңы дайындалган жетекчилер учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат.

Алардын алдында бир топ аткарыла турган иштер турат, жаңы жетекчилер коомдук тартипти сактоого, кылмыштулуук менен күрөшүүдө жана ыкчам тапшырмаларды аткарууга жаңыча мамиле жасоолору керек", — деп кошумчалашты ведомстводон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости