www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев: Мамлекеттин бир сомун дагы жедирбейм

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев "7-каналга" маек куруп, анда өлкөдө коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолгон.

Маекти өзгөртүүсүз келтиребиз:

— Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы? Акыркы үч жылда Сиз жетектеген Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик казынага 20 миллиард сомдон ашык сумманы түшүргөндүгүңүздөр айтылды. Бул акчалар кайда? Сиздердин мекемеде калдыбы же республиканын бюджетине кеттиби?

— Саламатчылык, сиз бул суроого өзүңүз эле жооп берип жатпайсызбы? Коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлүп жаткан каражаттардын бир тыйыны да биздин мекемеде калбайт. Биздин андан бир тыйын да алып калганга укугубуз жок. Баары банктагы эсепке түшүп, түздөн түз республикалык казынага которулуп турат.

Жалпы ушул күндө казынага түшкөн каражаттар жөнүндө тактоо киргизип коеюн. 20 миллиард сом дегениңиз бер жагы, бир аз эскирээк маалымат. Бүгүнкү күндө накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулду. Эгерде биз мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, ошондой эле ар кандай кыймылсыз мүлк, мал, унаалар ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алсак, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кетти. Сот иштери бүткөндөн кийин калган каражаттар да өндүрүлүп, түздөн-түз казынага барып түшөт.

— Кечээ жакында “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” деген көрсөтүүсүндө генерал Өмүрбек Суваналиев эл ичинде айтылып жүргөндөй — “кустуризацияны” туура эмес сыпаттап, “мыйзамдуу жол менен кетиш керек болчу, коррупцияны күч менен жоё албайбыз”- деди. Мындан сырткары, ал “кустуризациядан түшкөн акчалардын дайыны жок”- деген сөзүн айтты?

— Биринчиден, мен “Азаттык” радиосун укпайм. Кимдер андан чыгып алып, эмнелерди сүйлөп жатканын карап олтурганга менин убактым да жок. Суваналиевдин сүйлөгөнүн дагы сизден угуп атам.

Экинчиден, эл сүйлөсө дагы ушул Суваналиев сүйлөбөй эле койсунчу. Анын деңгээлин, эмне үчүн аны өз убагында “жыгач генерал”, “к..тани” деп атап алышканын 2021-жылы орун алган Баткен окуясы көрсөттү. Мына ошол өзүнө тагылган эпитеттерге толук татыктуу экени көрүндү. Дал ошол себептен кызматтан алынды. Менден эмес, Баткен элинен барып сурасаңыз толугураак жооп аласыз.

Суваналиев өзүн генерал катары сыпаттаганды жакшы көрөт. Генералдык чинди жарым жылдай убакыт гана кызматта турган убагында көтөрүп жүрдү, бирок ошол убакыт ичинде деле элдин оозуна алына турган көп иштерди жасап койсо болот эле. Айтыңызчы, колго аларлык эмне иш кылды, оозун куу чөп менен аарчыгандан башка? Жеке мен кызматта иштеп турган убагымда генералдык наамды 6 жылдан ашуун убакыт көтөрүп жүрсөм, бул наамды алганыма жалпысынан 15 жылдай убакыт өтүптүр. Ким кандай иш жасады, эл тараза.

Биздин жасап жаткан иштерибиз элге бүт ачык көрүнүп турат. Эгемендикке ээ болгондон бери элдин талап-тоноп келе жаткан уурулардан өндүрүлүп жаткан каражаттар биринчи кезекте калктын социалдык турмушун жакшыртууга жумшалып жатат. Ар бир региондо үйго муктаж жарандар үчүн ипотекалык үйлөрдүн курулушу, жаңы салынып жаткан мектептер, бала бакчалар, жолдор ушул ишибиздин жыйынтыгы. Бир эле аскердик тармакты ала турган болсок, акыркы 2 жылда армиябызды күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалды.

Баарын айтып майдаланбай эле коёюн. Кыскасы, “иттер үрө берет, кербен жүрө берет”. Биз мамлекет үчүн ишти кыла беребиз. Баарын тарых өзү таразалап алат. Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү — жарыя кылабыз. Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин «жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат»- дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен жүз пайыз кепилдик берем!

Анткени, дагы кайталайм, мамлекетти сүлүк курттай соруп келген уурулардан коомду тазалоо өтө кыйын болуп жатат. Азыр дагы тазалап бүтө албай жатабыз, алар абдан уюмдашып кеткен. Мунун баары эл үчүн! Бир тыйыны калбай мамлекеттин, элдин пайдасы үчүн жумшалат. Күтүп тургула.

 

Последние новости