www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын жана Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча насыялык макулдашууга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр менен толуктоолор боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Өз кезегинде, Программаны ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа инвестициялык банкы тарабынан каржылоо тартылган. Долбоордун жалпы баасы 20 млн еврону түзөт. Насыя 25 жылга берилет, анын ичинде 8 жыл - жеңилдетилген мезгил.

Долбоор ичүүчү суу менен камсыздоону, канализация тармагындагы муниципалдык инфраструктураны модернизациялоону, катуу таштандыларды башкарууну жакшыртууга багытталган. Андагы Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча таштандыларды кайра иштетүүгө кошумча Өзгөн, Майлуу-Суу, Балыкчы, Токтогул, Кара-Суу, Чолпон-Ата, Кызыл-Кия, Ош шаарлары киргизилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости