www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу Түркиянын да башка өлкөлөр сыяктуу өзүн коргоо укугу бар экенин айтты.

Испанияга сапар жасаган НАТОнун баш катчысы, коргоо министри Мариа Долорес де Коспедал менен жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Столтенберг, Түрк куралдуу күчтөрү  (ТКК) тарабынан Сириянын Африн аймагында террордук уюмдар ПКК/ПЙД жана ДЕАШка карай баштатылган «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу сөз  сүйлөдү.

Түркиянын эң көп террордук кол салууга дуушар болгон НАТОнун мүчөсү экенин белгилеген Столтенберг, Түркиянын да башка өлкөлөр сыяктуу өзүн коргоо укугу бар экенин билдирди.

Президент Эрдоган менен өткөн аптада телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөнүн эске салган Столтенберг, АКШ менен катар тийиштүү берки өлкөлөрдүн бардыгы менен тартиптүү байланышта болгондорун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости