www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дейр-эз-Зор провинциясында Ислам мамлекетинин согушкерлеринин чабуулунан жыйырма сириялык аскер набыт болуп, ону жарадар болду. Бул тууралуу РИА Новостиге Сириянын коопсуздук органдарындагы булак билдирди.

Болжол менен террористтер аскер кызматкерлери бара жаткан автобусту тузакка алышкан.

Ушундай эле кол салуу бир нече күн мурда да катталган. Согушкерлер Сирия армиясынын Раккадагы көзөмөл-өткөрмө пунктуна чабуул коюшкан. Кол салууда бир аскер каза болуп, үчөө жарадар болгон.

Буга чейин согушкерлерге америкалык тарап жардам берип жатканы жана АКШ террорчуларга уулуу заттары бар ракеталарды өткөрүп бергени айтылган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости