www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генри Уилер ШОУ (Жош Биллингс)

(1818-1885), америкалык жазуучу 
Айлабызды майда-чүйдөлөр кетирет. Айталы, чымын эмес, пилден буйтаган оңой.

* * *

Дүйнөдө эң оор, эң жагымсыз нерсе – өзүңдү өзүң таануу.

 

Тристан БЕРНАР

(1866-1947), француз жазуучусу 
Эгерде сиз айткан азилге колуктуңуз шыңкылдап күлсө, демек, азилиңиз укмуш же колуктуңуз.

* * *

Эгерде досторуң менен ысык мамилени сактагың келсе, алар менен көп жолугушпа.

* * *

Аял аялга карышкыр.

 

Хорке Луи БОРХЕС

(1899-1986), аргентин жазуучусу 
Биз прогресстин болоруна ишенбей калсак эле ошонун өзү прогресс.

 

Дэниэл БУРСТИН

(1914-?), америкалык жазуучу
Чыныгы атакка жетсең, аткарган ишиңдин көлөмүнө эмес, ысымыңа карата жогору бааланасың.

 

Поль ВАЛЕРИ

(1871-1945), француз акыны жана ойчул 
Адатта эң жакын мамиледеги адамдар бири-бирине ачууланса, жүз карашпай калганга чейин жетет.

* * *

Күчтүн эң жаман жери – күчкө гана ишенет.

 

Финли Питер ДАНН

(1867-1936), америкалык сатирик жазуучу

Саясат менен картада дос болбойт.

 

Жак ДЕВАЛЬ

(1894-1969), француз комедиографы 
Кудай чымчыкты сүйгөн үчүн бак-даракты жаратса, адам чымчыкты сүйгөн үчүн капасты жараткан.

* * *

Оозго алгандан мурда укканда уяла турган ыпылас ушактар болот.

 

Халиль ЖЕБРАН

(1883-1931), ливан жазуучусу 
Мейман келип турбаган үй мүрзөгө айланат.

* * *

Тозок алдындагы коркунучтун өзү – тозок, бейиш жөнүндө кыялдын өзү – бейиш.

 

Норманн ДУГЛАС

(1868-1952), англис жазуучусу
Тили чыгелек баланын оюн энедей тескери түшүнгөн эч бир адам болбойт.

* * *

Дос табыш үчүн бир көздү жум. А достукту түбөлүк сакташ үчүн эки көздү тең жум.

* * *

Колукту алып келген жигиттердин көбү үйбүлөлүк очок курдум деп ойлойт. А чын-чынында үйбүлөлүк очогу жармач достору үчүн шыйпаңканага айланып калганын ойлошпой.

 

Томас ДЬЮАР

(1864-1930), америкалык коомдук ишмер 
Ийгиликке жетсең эле күйөөсү маңдайында турганына карабай сага шыйпаңдаган аялдар көп кездешет.

Орусчадан оодарган Олжобай ШАКИР

 

Последние новости