www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айланаңызда эң аз дегенде сиз бир күндө бүтүрө турган жумушту бир-эки сааттын аралыгында ишке ашырып коё турган тааныштарыңыз бар. Албетте, ал сизге караганда бир кыйла ийгиликтүү адам.
Эмне үчүн ийгиликтуү адамдар көп нерсеге жетише турганынын 12 себебин сунуштайбыз:
1. Алар кьша турган иштерин тизмелешет жана ар бир заиатта кантип аткара турганын майда-чүйдөсүнө чейин так эсептеп чыгышат.
2. Аракеттегилер велосипедди кайрадан ойлоп табуунун кереги жок экенин билишет. Тактап айтканда, баарына жаңы, убакытты үнөмдөөчү нерселерди киргизишет экен. Мисалы, электрондук тиркемелерди колдонууну үйрөнүшөт.
3. Чоң максаттарды алдыга коюшуп, майда бөлүмдөргө бөлүп коюшкан.
4. Өздөрүн алаксыта турган факторлорду жок кылышат жана бир ишти жасап жатканда ынтаа коюусун жоготушпайт.
5. Жеке гана иш менен алектенбей, анын жемиштүү болушуна умтулушат тура.
6. Алар болочокту дайыма көрө билишет.
7. Ийгиликтүү адамдар өзүнүн максатына жетүүчү жолдо талбай аракет кылууну унуткан эмес.
8. Чечкиндүүлүк бар жерде прогресс болорун жакшы билишери эстеринде.
9. Алар өзүнүн өнүгүшүнө инвестиция сала алышат.
10. Өз каталарын моюндарына алышып, андан сабак алышары ырас.
11. Ийгиликке жетиш үчүн өздөрү гана аракет кыла алышарын түшүнүшөт.
12. Алар башкаларга чын дилден жардам беришери белгилүү.
Булак: "Азия News" гезити