www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев 14-августта сурак бергенин ырастады. 

13-августта “Фейсбуктагы” "Полит Узник" баракчасына Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча видео кайрылуусу жарыяланган. Андан кийин ал суракка чакырылган. 

ИИМдин маалыматына ылайык, Абдил Сегизбаев Жетим-Тоо кени тууралуу айткан видеосу 2020-жылы, президенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткан маалда тартылганын билдирди. Андан бери социалдык тармактарга кандайдыр бир билдирүү, маалымат жарыялабаганын кошумчалады. Учурда тергөөгө тиешелүү аракеттер көрүлүп жатат, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Сурактан кийин Абдил Сегизбаев адвокаты менен бирге Ички иштер министрлигинин имаратынан чыгып кеткен. 

14-августта Садыр Жапаров кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости