www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Президент эл менен эсептешип туура кадам жасады»», - деди бүгүн, 15-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Туратбек Мадылбеков.
- Турат агай, президенттин Жетим-Тоо боюнча жасаган кайрылуусу түрдүү кептерге чекит койдубу? Же жөн эле элди сооротуу болуп калдыбы?
- Президенттин Жетим-Тоону иштетсек өзүбүз иштетебиз. Запасын дагы бир ирет тактап коёлу дегени албетте жакшы. Себеби, ал жерде темирдин кору канча экенин баарыбыз билишибиз керек.
Экинчиден, мезгили келсе, кен-байлыктардын баарын өзүбүз иштетип, алардын пайдасын мамлекет, эл көрүшү керек. Кен-байлыктар кыргыз элинин жакшы жашоосуна шарт түзүшү керек.
- Бирок, президент Жетим-Тоону азыр иштетпейбиз деди го?
- Ооба. Жетим-Тоону азыр иштетпейбиз деди. Себеби, эл арасында жетим-Тоону каздырбайбыз дегендер бар. Президент ошон үчүн Жетим-Тоону иштетпейбиз.
Эгер иштетет турган болсок, эл менен 100 пайыз макулдашып, анан иштетебиз деди. Эл менен эсептешип туура кадам жасады.
Эске салсак, кечээ, 14-августта, Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин казууга байланыштуу айтылып жаткан кептер боюнча кайрылуу жасады.
Ал кенди толугу менен мамлекет өзү иштетип, бир дагы үлүшү башкага берилбей турганын белгиледи. Бирок аны казуу иштери жакын арада башталбай турганын айткан.
Булак: NazarNews.kg