www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Айзаданы издөөгө 210 милиционер тартылган

Бишкек шаарында уурдалып кийин каза болгон Айзада Канатбекованы 210го жакын милиционер издеди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 5-апрель күнү эле саат 8:20лар чамасында "Перехват" планы жарыяланган.

--"Ыкчам-иликтөө иштерине Бишкек ШИИБдин борбордук аппаратынын 150дөй, Биринчи май райондук милициянын 60тай кызматкери тартылган. Камераларды караганда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнөн баштап Ак-Ордого чейин барганы көрүнгөн. Андан ары видео байкоолор жок болгон. "Перехват" жарыялангандан бир саат өткөндөн кийин ал унаа Ак-Ордодон өткөнү көрүнгөн", — деди Матмусаев.

ШИИБ башчысынын билдиришинче, 102 номерине саат 7:28де чалуу түшкөндөн кийин беш мүнөттүн аралыгында Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери кабарлаган кызга барып көрсөтмө алган. Ал эми саат 10:30да жоголгон кыз иштеген тигүү цехинен апасына чалып келбегенин айткан. Андан соң апасы 13:34тө милицияга келип арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости