www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Ички иштер министри Улан Ниязбеков 5-апрелде белгисиз адамдар тарабынан уурдалып, каза болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат берип жатат.

Анда Жогорку Кеңештин вице-спикери Айзада Касымалиева Ички иштер министрлигинин ишин сынга алып, «сарсанаа болбогула, той жейсиңер» деп айткан тергөөчүнүн аты-жөнүн сурады.

«Шалаакылык көрүнүп эле турат. Апасына «ачуу басар келет, той жейсиңер» деп кайсы тергөөчү айткан. Сиздер бир ай убакыт тактайсыңарбы? Кызматкердин толук аты-жөнүн атагыла да. ЖМКларда фамилиясы айтылып жатат. Силердин жумушуңарды чабан аткарып койду», - деди Касымалиева.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ал боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости