www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көлдүн жээгинен аялдын жансыз денеси табылды

Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск шаарчасында көлдүн жээгинен аялдын сөөгү табылды. Анын жүрөгү кармап каза болуп калганы белгилүү болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына байланышканыбызда маалым болду.

"6-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Пристань-Пржевальск шаарчасынын жергиликтүү тургундары көлдүн жээгинде 1977-жылкы келиндин өлүгүн табышкан. Ал Бишкек шаарынын тургуну болгон. Маалымат-иликтөө журналына катталып, кароо жүргүзгөндө келиндин денесинде эч кандай криминалдык фактылар байкалган эмес.

Соттук-медициналык экспертиза кечээ күнү жүргүзүлдү. Анын алдын ала жыйынтыктары боюнча келиндин жүрөк оорусу кармап калып жерге жатып үшүп калган. Ошондон каза болгон деген жыйынтык чыгып жатат. Экспертизанын толук корутундусу бир айдын ичинде чыгат", - дешти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости