COVID-19: Жакын арада бешинчи протокол жарыяланат
Коом  |   |  414

Жакын арада коронавирустан дарылоонун бешинчи протоколу жарыяланат. Бул тууралуу Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынын дарыгери Нургүл Молдалиева маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда коронавируска чалдыккан бейтаптар төртүнчү протокол менен дарыланып жатышат.

«Акыркы жумада коронавирус жуктурган адамдар көбөйүүдө, эпидемиологиялык абал чыңалуу», - деди Молдалиева.

Ал санитардык нормаларды сактоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями