www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы бийлик коррупция менен күрөшүү кыйын болсо да, күрөштү улантышы керек», - деди бүгүн, 8-апрелде NazarNews маалымат агенттигине экс-элчи Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, жаңы бийликти ишти илгерилетсе сындагандар, унчукпай иштей берсе «иштей албай жатасыңар» дегендер пайда болду. Жаңы бийлик абалды жөнгө салуу үчүн эмне кылышы керек?

- Чындыгында абал оор. Президент айткандай 30 жылдан бери иштеген президенттер кыргыздын кызыкчылыгына иштешкен эмес. Тескерисинче, өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын гана көздөшкөн. Азыр болсо аларга кызмат кылгандардын кээ бири баатыр болушуп, жаңы бийликке акыл үйрөтүп жатышат. Чынында бүгүнкү коррупциялык системаны ошол тунгуч президентибиз Аскар Акаев куруп кеткен. Ал система өркүндөп кеткени үчүн бир жагын тизгиндесе, экинчи жагынан өсүп чыгып жатат. Жаңы бийлик коррупция менен күрөшүү кыйын болсо да, күрөштү улантышы керек. Акыры жыйынтык берет. Президент Садыр Жапаров эле таза болсо, калгандары акырындап оңолот.

- Президенттин алган багыты туура элеби же калпыстыктар орун алып жатабы?

- Менин баамымда кээ бир иштер бирөөлөрдүн кийлигишүүсү менен болуп жаткандай. Мисалы, «Жерүй» маселеси орустардын кийлигишкени үчүн мурдагы келишимдин алкагында ишке кирди. Ошон үчүн кыргыздын үлүшү жок болуп калды. Кыргызстандын үлүшү болуш керек деген Айбек Бусурманкулов кызматынан кетти. Бул жерде Бабановдун ролу чоң болгондой болду. Кыскасы, «Жерүйдө» Путиндин достору Бажаев менен, ВТБ банктын жетекчиси Костиндин кызыкчылыгы баарынан жогору болгондой сезилет.

- Костин деген ким?

- Костин деген журналист Наиля аскерзадени каржылап, яхта, самолёт алып берип, Навальныйды изилдеткен. Менин чоочулаганым Бабанов Бажаев, Костин Путинди ортого салып «Жерүй» маселесин чечип алышты. Эми «Жерүйдө» Костиндердин үлүшү бар болсо, Садыр Жапаров уят болуп калабы деп чочулап жатам.

- Ишкерлерге өкмөт убада кылган жеңилдиктер берилип жатабы же анын баары куру сөз менен калып калдыбы?

- Бийлик ишкерлерге көңүл буруп эле жатат. Бирок, натыйжа чыкпай жатат. Себеби, бизде ишкерлердин көпчүлүгү көмүскө жол менен иштешет. Салыкты аз төлөш үчүн кирешелерин жашырышат. Ошон үчүн колдоо көрсөтүүгө аракет болгону менен анчалык майнап байкалбай жатат.

- Ташиев коррупциялык схеманы сындырууга болгон күчүн жумшап жатабы?

- Ташиев чыны менен жакшы иштеп жатат. Бирок, бардык коррупционерлерди жегенин төлөтө элек. Жумалиевди камаса, ал тырышып төлөбөй жатат. Чынында Ташиев кыла турган иш көп. Азыр Акаевдин калган 30дан ашык фирманы кимдер иштетип жатканын иликтеп, ал фирмалардан ким канча үлүш алаарын ачыкташы керек.

- Президент жарыялаган экономикалык амнистия максатына жеттиби?

- Экономикалык амнистия максатына жете элек. Президент жарыялаган экономикалык амнистия максатына жетиш үчүн дагы көп иш жасалышы керек. Маселен, Ташиев бир эле коррупционерлер менен күрөшпөй 2000ден ашык кен байлыгыбызды ар кайсы өлкөнүн жарандары иштет. Ал жерде дагы руда боюнча ташып кетип жатышат. Ошол жакты дагы иликтесе, алтын эле эмес, андан башка кен байлыктарыбызды да ташып жатышат. Ташиев ишимден жыйынтык чыгарам, эл үчүн ак кызмат кылам десе, мына ушул тармакты да көз жаздымда калтырбашы керек. Анткени, ал жакта кылмыш өтө көп.

- Инвесторлор өзү келиш үчүн, Кыргызстанга ишенип акча салыш үчүн стабилдүүлүк эле жетиштүүбү?

- Коррупция жоюлса, мыйзамдуулук орносо, соттор, укук коргоо органдары адилеттүү иштеп, калыс чечим чыгара баштаса, инвестиция өзү эле келе баштайт. Ошондой эле, коррупция тизгинделип, баары ачык-айкын болсо, чет жакка чыгып кеткен ишкерлер да, эл да мамлекетке кайтып келе баштайт. Шадиевди да, Максим Бакиевди да соттор адилеттүү чечим чыгарып баштаса АКШ менен Англия берет. Бул жакта адилетсиздик орун алганы үчүн аларды беришпей жатат.

- Айтмакчы, Камбар-Ата1 ГЭСин өзбектер менен курабыз дегенден бери эл өз курат дегендер чыкты. Элдин ГЭС курганга күчү жетеби?

- Эгер Кыргызстандын өзүнүн мүмкүнчүлүгү болсо, өзү курса жакшы болот эле. Биздин эң жакшы мүмкүнчүлүгүбүз суунун башында болгонубуз. Кана ГЭСти мен курам, акча табам деген кыргыз болсо, баарыбыз колдойт элек. Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы. Ошондуктан, инвестор издегенге мажбурбуз.

- Баса, чек ара маселесин чечүүдө биздин жетекчилер мекенчилдигин көрсөтө алыштыбы?

- Чек ара маселесин чечүүдө жаңы бийлик жакшы аракеттерди жасай баштады. Жыл сайын чыр чыгып, эки элди түйшөлткөн маселени чечүүгө болгон аракетин жумшап жатат. Тажикстан менен да чек ара маселесин тактоого аракет кылып жатышат. Бирок, Тажикстан кетенчиктеп жаткандай. Ошондой болсо да Камчыбек Ташиев чек араны тактап, талаш жерлердин маселесин тынчтык жол менен чечип алууга катуу киришүүдө. Эми Жээнбековдун убагында сатылып кетти деген 34га жерди кайтарып алган, албаганы боюнча да маалымат берсе жакшы болот эле. Себеби, 30 жылда тажиктер көп жерди ээлеп алышты, эл арызданып бийликке кайрылышканы менен азыркыдай маселе чечүү аракети аз болгон.

- Ташиевдин чек араны чечем деген аракети тажиктерге жакпай экс-тышкы иштер министри айбат көрсөтүүгө аракет кылдыбы?

- Аларда дагы бизге карасанагандар бар. Менин жеке пикиримде эки элди тирештирем дегендердин максаты ишке ашпайт. Анткени, мамлекеттердин ортосундагы маселе жаман ойлогон, адамдардын оюнан жогору турушу керек. Биздин жетекчилер да маселени тынчтык жолу менен чечүүнү гана көздөшү керек. Эгер коңшулардын ою чын эле тескери болсо, анда маселе татаалдашат. Тажикстан Карабахтан айрылат. Эки мамлекет чече албаса, түрк өлкөлөрү киришип, бул маселеге чекит коёт. Ошон үчүн Тажикстан да ызы-чуусу жок, сүйлөшүү аркылуу чек араны тактоого макул болушу керек.

- Эл былтыркы пандемиядан бери жакырланып кетти, жакырчылыктын сазына баткандардын саны көбөйдү деген маалыматтар тарады. Элди жокчулуктан сактап калуу үчүн өкмөт эмне кылышы керек?

- Бул маселени өкмөт көзөмөлгө алып, элди жакырчылыктан сактап калуунун программаларын иштеп чыгышы керек. Анткени, кээ бир эксперттер жакырчылык 75%га чейин жетип калды деп жатышат. Чынында бул уят, шермендечилик болот. Эл жегенге нан таппай жатса, миллиарддап жегендерди жоопко тартыш керек. Тагыраагы, Сооронбай Жээнбеков менен Абылгазиевди. Анткени, элди ушундай абалга ошолор алып келди.

- Кыргызстан мамлекет башчыларын туура эмес тандап алганы үчүн абалдан чыгалбай жатабы?

- Ошондой десек да болот. Ошон үчүн кыргыздар мамлектибиздин өнүп, өсүшүн кааласак, кошоматты токтотуп, мыйзамдын негизинде жашоону үйрөнүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости