Улан Ниязбеков: "Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча жоопкерчиликти моюнубузга алабыз"
Саясат  |   |  266

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маселе каралып жатат.

Анда депутат Дастан Бекешев ички иштер министри Улан Ниязбековдон "жоопкерчиликти моюнуңузга аласызбы?" деп сурады.

Министр "алабыз, сезебиз" деп жооп берди.

Депутат: "Мурдагы министр Бурулайдын окуясында ушинтип айткан. ИИМге бул дагы сабак болгон эмес. Өз каалооңуз менен кызматтан кетсеңиз, башкаларга дагы сабак болот", - деди.

Булак: NazarNews.kg


 

Поделитесь с друзьями