www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Жабалактап араң турган НПОчу, батышчылдарга Кудай берип салды. Айзаданын өлүмүн саясатташтырып митинг кылып киришти". Бул тууралуу Акыл Нурбеков аттуу жаран социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. 
--"Жабалактап араң турган НПОчу, батышчылдарга Кудай берип салды. Айзаданын өлүмүн саясатташтырып митинг кылып киришти. Митинг кылышсын, мыйзамдуулукту талап кылышсын, бул туура эле кадам. Бирок митингди кимдер жасап жатканы менин кыжырымды кайнатып турат. Митингке чыкканда бийликтен бир кишиге да сөз бербей ажылдап "кетсин эле кетсин" деп ураан чакыргандардын оюнда Айзада эмес, бийликти кетирүү максаты жатканы көрүнүп турат. Арам оюнуңарды ары барып ойногула. Айзаданын апасына барып кайгысын тең бөлүшүп, кем карчысына жардам бергилечи. Силердин аңкылдаганыңардан Айзада тирилип кетпейт, кеч болуп калды. Күнөөлүүлөрдү премьер-министр жазаласын. Элдин үнү болушунча жетти", - дейт интернет колдонуучу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости