www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт COVID оорусунун жайылышын изилдеп, талдап коомчулукка ачык билдириши керек. Мындай пикирин саясий серепчи Табылды Акеров билдирди.

«Кыргызстанда болуп өткөн 3 революциядан кийин саясий элита сабак алган жок.

Өзүңүздөргө белгиүү болгондой Кыргызстанда 2005-жылы, 2010-жылы жана 2020-жылы үч жолу элдик толкундоолор болуп бийлик алмашты. 2005-жылкы революция регионалдык мүнөздө бологону да белгилүү. Себеби, ал кезде саясий партиялар өзүнчө таасирдүү күчкө айлана элек болчу. А.Акаев өзүнүн оппоненттерине карата баа берип, өлкөдөгү оппозицияны чогултса, бир автобус толбойт деп койчу.

2005-жылкы революцияда жатар оппозицияны колдоп кетишинин эки себеби болгон. Анын биринчиси А.Акаев өзүнүн уул-кызы Айдар менен Берметти парламентке депутаттыкка алып келүү аракетин айтсак болот. 100 миндеген жаштар Орусияда, Казакстанда мигрант болуп, үй-бүлөлөрүн багып, эптеп күн көрүп жатышса, өлкөнүн биринчи адамы өзүнүн кара чечекей уул-кызын депутат кылганы жатканы өтө эле өөн кабылданган. Ошого жаштар А.Акаев өзү айтып жүргөн бир автобус толбогон, таасири аз оппозицияны колдоп кеткен. Экинчи бир себеби, Акаевдин режими оппозициялык кандидаттарды басып, парламентке өткөрбөй коюу аракети элди ого бетер кыжырдантып, алардын көчөгө чыгып кетүүсүн камсыздаган.

Мисалы, Кочкордон А. Жапаровду, Таластан Р. Жээнбековду, Жалал-Абаддан К.Бакиевди,  Өзгөндөн А.Мадумаровду, Сузактан Б.Эркинбаевди ж. б. парламентке өткөрбөй коюу тапшырмасы аткарылып жатышы нааразычылыктарды жараткан. Бул өңүттөн алганда 2005-жылы революция кландык жана регионалдык мүнөздө болгон. Муну ошол революцияда активдүү роль ойногон саясий лидерлер жана саясатчылар да бир топ жолу ММКларда айтып чыгышкан. 

Акаевдин режими урагандан кийин бийликке келген К.Бакиев кландык системасын колдоодон чоочуркап, өлкөнү толук бойдон көп партиялуулук системага өткөргөн. Бирок, К.Бакиев, А.Акаевчесинче өз уулун, тууган-уругун ооздуктай албай, өлкө кайрадан авторитардык режимдин таасиринде калган. Бирок, 2010-жылкы реовлюцияда маанилүү ролду «Атамекен», КСДП ж.б. саясий партиялар ойногон. Себеби, саясий партиялар калыптанып, коомго таасир берип калган.

2020-жылдагы октябрь революциясы да парламенттик шайлоолордо нааразычылыктардын негизинде болду. Бийликчил делген «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары парламенттик шайлоолордо 45 жана 46 мандатка ээ болуп, парламенттен 91 орунду ээлеп алган. Ал эми калган 19 мандат шайлоого катышкан башка партияларга калтырылган. Буга макул болбогон саясий партиялар жана эл бийликке нааразычылыктарын билдирип, которулуп кеткен.

2020-жылкы октябрдагы бийлик алмашуусунан киийн, бийликти легитимдештирүү өтө таатал болду. Бийликке келгендер Конституцияны өзгөртүү маанилүү деп табылды. Парламенттин спикери, КР президентинин милдетин аткаруучу Т.Мамытов атайы буйрук чыгарып конституциялык кеңешме түзүп, өлкөнүн Конституциясынын долбоору иштелип чыкты. Жаңы Конституциянын долбоорун 80 дептутат демилгелеген. Бирок, оппозиция, коомчулук, юристтер конституция мыйзамсыз кабылданып жатат деп, бул аракетерге караманча каршылык көрсөтүп жатты.

11-апрелдеги жергиликтүү шайлоолордо өлкөнүн жаңы консттитуциясы кабылданганы турат. Бирок, Венециялык Комиссиясы, дүйнөлүк эл аралык уюмдар баары конституцияда көп мүчүлүштүктөр бар деп, аны оңдоону сунуштап чыгышты. Ага улай эле АКШ, Батыш өлкөлөрү дээрлик баары конституциянын кемчилиги, кемтиги бар экенин айтып чыгышты. Ошону менен Кыргызстандын бул демилгеси жакшы баа албай, өлкө кандайдыр бир эл аралык изоляция коркунучуна кабылагыдай болуп калды. Бул өтө жаман көрүнүш.

Себеби, өлкөдө COVID оорусу күндөн-күнгө күчөп келе жатат. Кыргызстан бул ооруну жалгыз жеңе албайт. Былтыркыдай дүйнөлүк коомчулуктун жардамына муктаж болот. Бүгүн революциялык ураандардын негизинде келип чыккан кустурация саясатынын негизинде өлкөнүн көпчүлүк бизнесмендери чоң залал тартып олтурат. Эгер COVID күчөй турган болсо, быйыл карапайым элдин тагдыры кандай болот. Көпчүлүккө айтылбаганы менен COVIDден өлүп биздин жарандар да бар экени баарыбызга белгилүү.

Эксперттердин баамында референдумдан кийин өлкөдө туруктуулук орноп, тынчтык өкүм сүрөт го деген үмүт бар эле. Бирок, кечээ жакында С.Жапаров 2010-жылдагы июнь окуяларын кайрадан иликтөөнү УКМКнын жетекчиси К.Ташиевге тапшырды. Ошол кездеги УКМК экс-жетекчиси К.Дүйшөбаев буга каршы өз пикирин билдирди. И. Исаков К.Ташиевди чек ара маселелери боюнча катуу сынга алып чыкты.

Башкача айтканда бул көрүнүштөр саясий элитанын ортосунда ачык конфрантация башталганынан кабар берип жатат. Бирок, ошол эле учурда бүгүн бизге өлкөнүн туруктуулугу аба менен суудай керек. Себеби, Кыргызстанда бүгүн кайрадан COVID оорусу каптап келе жатат. Өлкөдө былтыркыдай абал түзүлүп калуу коркунучу бар. Ошого бүгүн бизге эки-экиден араздашпай, консолидацияга келүүдөн артык жол жок. Бизде 3 жолу революция болсо да, өнүкпөй жатканыбыздын бир эле себеби бар. Ал биздин саясатчылар, саясий элита авторитардык башкаруудан баш тарта албай жатат. Ким гана бийликке келбесин, айланып келип эле авторитардык башкарууга ыктап кетип жатат.

Ошондуктан, бүгүн төмөндөгү талаптар коюлуп, алардын аткарылышы шарт деп ойлойм.

Биринчи: Өкмөт COVID оруусунун жайылышын изилдеп, талдап коомчулукка ачык билдириши керек. Ошого жараша чечимдер кабыл аланышы керек.

Экинчи, Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук менен өз калыбына келтирип, аны үзгүлтүксүз камсыз кылуусу шарт.

Үчүнчүдөн, камоолорду токтотуш керек.

Төртүнчүдөн, кустурацияны токтуу керек.

Бешинчиден, куугунтук токтолуп, мыйзамсыз камалган саясатчылар, бизнесмендер, активисттер чыгарылышы керек.

Алтынчы, бүгүнкү Өкмөт эч кандай программасыз иштеп жатат. Мындай дүйнөлүк практикада да жок. Өкмөт өз программасын иштеп чыгып жарыялашы тийиш. Же болбосо, 11-апрелдеги референдумдан кийин С.Жапаров өз программасын коомчулукка жарыялашы керек. Өлкө, коом биздин каяка баратканыбыз, максаттарыз эмне экени билиши зарыл», - деп белгиледи Акеров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости