www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын 19-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын плацында биринчи курстун курсанттарынын ант берүүсүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул күнү ИИМдин Академиясынын курсанттары элине жана Мекенине өзүнүн берилгендигин далилдеген антын беришти. Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин Академиясынын Туусун көтөрүү менен башталды. Ал эми иш-чаранын коноктору катары ички иштер органдарынын ардагерлери, биринчи курстун курсанттарынын туугандары менен достору келишти. Курсанттарды милициянын ардагерлери С.Дубанаев, А.Мавлянов, Н.Касымбаев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Э. Гамидов, ИИМдин Академиясынын жетекчилери менен окутуучулары, Э.А. Алиев атындагы коомдук фонддун өкүлдөрү, андан сырткары биринчи курстардын ата-энелери куттукташты.
ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын полковниги Адылбек Бийбосунов биринчи курстун курсанттарына кайрылуу менен антка бекем турууда-бекемдүүлүк менен эрктүүлүктүн, жолдошчулук менен бири бирине болгон комкордуктун, адамдардын өмүрү менен өлкөнүн тагдыры үчүн жоопкерчиликтин негизи жакандыгын белгиледи. Бүгүн ант берүүдө айтылган сөздөр ар бириңердин жашооңордө түбөлүк турмуштук девиз болсун. Профессионалдуулук, тартиптүүлүк жана жогорку мадиният-кылмыштуулук менен күрөшүүдө башкы курал экендигин билдирди.
Милициянын ардагерлери ИИМдин Академиясынын жаңы келген курсанттарын куттукташып, Мекенге алдында берилгендик үчүн берген анттыңардан соң- Мекенге кызмат кылуу татаал, бирок ардактуу милдет мойундарына жүктөлгөндүгүн эскертишти. Курсанттар ата-энелеринин, досторунун жана жолдошторунун алдында өз Мекенине берилгендигине ант беришип, өзүнүн милдеттерин татыктуу аткарып, укуктук тартипти сактап, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сыйлоо менен коргоого сөз беришти.
Иш-чаранын аягында Академиянын курсанттары плацта салтанаттуу марш менен өтүштү. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын жогорку курстары тарабынан биринчи курстардын ата-энелери менен достору үчүн концерттик программа уюштурулду.
NazarNews.kg