www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Жогорку соту ИИМдин Маңзат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын экс-жетекчиси Файзулло Гадоевди 28 жылга эркинен ажыратты.

Жогорку соттогу өз булактар билдиришкендей, өкүм 15-октябрда чыгарылып, ИИМ чиновниги маңзат сатууга, ири өлчөмдө пара алууга жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга күнөөлүү деп табылган.

Өкүмгө ылайык, мындан тышкары Файзулло Гадоевдин мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан жана «милициянын генерал-майору» наамынан ажыратылды.

Гадоев Тажикстан ИИМинин Маңзат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгын беш жылдан ашык жетектеген. Ал ички иштер органдарында 1982-жылдан бери иштеп келген.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости