www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 22-марттан тарта Баткен облус аймагына “COVID-19” илдетинин жайылып кетүүсүн алдын алуу боюнча милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баштаган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен шаарларында жана Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өзгөчө кырдаал министрлигинен кызматкерлери менен санитардык-карантиндик посттордо чогуу иш алып барышты. Ал эми жер-жерлерде кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери аймактык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен маршруттук топторго бөлүнүп, көчөдө жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жөө кайгуул күзөттөрү уюштурулган.
Ошондой эле айыл арасында милициянын айгырымдуу өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте ар бир айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык постторду курушуп, жарандарды сабырдуулукка чакырып көзөмөлдү күчөтүшкөн.
Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорундагы жана Кызыл-Кыя шаарындагы милициянын көчмө кабылдамасы өздөрү тейлеген аймактарда ар бир көчөсүнө кирип үн чыгаруучу каражат менен жарандарды үйдөн чыкпоону, санитардык эрежелерди туура сактоону эскертип жатышат.
Баткен облусу коңшулаш Өзбек, Тажик Республикалары менен чектешкендиктен чек ара аймактарында санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери кезектешип иштеп, ал эми калк жыш жайгашкан калктуу конуштарда 3 кезек менен коопсуздук чараларын көрүүдө.
Булак: NazarNews.org