www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-майда КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-жыйында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу айтты. Анын айтымында коронавирус пандемиясы башталгандан бери “кандай божомол”, “кандай прогноз” бересиңер, "Качан өзгөчө кырдаал алынат?" деген сыяктуу көптөгөн суроолор болуп жатат.
“Божомолдун кыска болгону оң болот. Узак мөөнөттүү божомолдорду түзүү өтө кыйын. Биз эпидемиологиялык абалдын туруктуулугун айтып келе жатабыз. Эгерде ушундай абалды сактап кала турган болсок, вирусту жугузуп алгандардын саны азайганда гана, өзгөчө кырдаалдар режимин алсыратууну же толугу менен жоюу тууралуу сүйлөшсөк болот” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Булак: NazarNews.org