www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда абал туруктуу, жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеде айтылгандай, Баткен районундагы кыргыз-тажик окуясынан улам айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салууда.

"Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында 27-январдан бери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Чек арага чектешкен аймактарда кайгуул уюштурулуп, учурда коомдук кырдаал толук көзөмөлдө. Урматтуу жарандар, жалган маалыматтарды таратуудан алыс болуп, чагымчылдыкка алдырбаңыздар. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт. Мындай билдирүүлөрдү таратууга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат", — деп жазылган маалыматта.

ИИМ жалган билдирүү тараткандар Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же кырк сааттан жүз саатка чейинки коомдук жумушка тартыларын, болбосо 50 миң сомго чейин айып пулга жыгыларын эскертти.

Министрлик жалган маалымат таратып, чагымчылдык аракеттерге баргандар болсо 102 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости