www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарынын Түркия тараптан Украинага берилишин Түркиянын «Ватан» партиясынын баш катчысы Догу Перинчек чоң жаңылыштык деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазат. Перинчектин айтымында, келечекте бул куралдарды Киев Орусияга гана эмес, Түркиянын өзүнө да каршы колдонушу мүмкүн.

3-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев менен Анкара түркиялык «Байрактар» учкучсуз учактарын Украинада чыгарууну кеңейтүү боюнча макулдашканын билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү келишимге кол коюу жаңы жумуш орундары менен камсыз болуп, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, жаңы технологияларды ишке киргизет.

Украинада түркиялык «Байрактар» учкучсуз учактарынын өндүрүшүн баштоо пландарын Украинанын коргоо министри Алексей Резников да билдирген.

Анын айтымында, келишимди толтурууга мисал катары «Байрактарды» чыгаруучу заводдун курулушу жана учкучсуз учактардын операторлорун окутуу борборун түзүү болот. Кошумчалай кетсек, министрдин айтымында, түрк дрондорунун кийинки мууну украиналык кыймылдаткычтарды алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости