www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Артур Медетбеков ЖККУ учурда дүйнөлүк уюмга айлана баштаганын белгиледи.

ЖККУ түзүлгөн 30 жыл ичинде көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Учурда бул ири аскердик блок катары эсептелүүдө. Мындай пикирин Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, уюм тышкы агрессиялык күчтөрдөн коргонуу, аймактык деңгээлде уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо максатында түзүлгөн.

"Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылы 15-майда түзүлгөн. Ага бир нече мамлекет, анын ичинде Кыргызстан да кирген. Коңшу Өзбекстан эки жолу кирип, эки жолу чыкты. Уюмдун негизги максаты — тышкы агрессиядан коргонуу, ага мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо. Андан бери 30 жыл убакыт өтүп, уюм көптөгөн өзгөрүүлөргө туш болду. Башында кагаз жүзүндө түзүлүп, ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары чогулуп ар кыл көйгөйдү талкуулап келсе, учурда чоң аскердик блок катары эсептелип калды. Анын ичинде тышкы иштер, коргоо министрлеринин, коопсуздук кеңешинин катчыларынын жана башка бир катар чакан уюмдары бар. Мындан тышкары, 3500дөн ашык аскер, 10 батальондон турган Жамааттык ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү түзүлгөн. Алар кокус уюмга мүчө мамлекетке кол салуу болсо же кандайдыр бир чатак чыкса реакция жасашы керек. ЖККУ учурда регионалдык эмес, дүйнөлүк чоң уюмга айлана баштады", — деди Медетбеков.

Ошондой эле ал уюм аймактагы наркотрафик, экстремизм, мыйзамсыз миграция менен дагы күрөшөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости