www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын борбору Киевде согуш ыктымалдыгына каршы армиянын резервдеги бөлүктөрүндө карапайым калкка алгачкы аскердик даярдыктар өтүүдө.

Деснянский аймактык коргонуу батальону, Киевдеги коргонуу штабы жана айрым бейөкмөт уюмдардын катышуусунда өткөн аскердик машыгууга жаш-кары дебей көптөгөн украиндер катышты.

Сырттагы иш-чаранын алкагында жарандарга согуш учурунда алгачкы жардам көрсөтүү, курал колдонуу жана коргонуу тактикасын камтыган алгачкы аскердик даярдыктар үйрөтүлдү.

Киевдин Коргоо штабынын өкүлү Андрей Рикун машыгуу аймакты коргой турган адамдарды бириктирүү үчүн уюштурулганын билдирди.

Катышуучуларды душмандын мизин керектүү учурда кайтарууга даярдашкандарын белгилеген Рикун: "Тренингдин алкагында алар өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялоону, биринчи жардам көрсөтүүнү жана үй-бүлөсүн кантип коргоону үйрөнүшөт", - деди.

Рикун бул машыгууларды 2014-жылдан бери өткөрүп жатышканын жана мындан ары да уланта тургандарын белгиледи.

54 жаштагы жоокер Сергей Амусевич машыгуунун максаты аскердик кырдаалда дүрбөлөңдүн алдын алуу жана эмне кылуу керектигин үйрөтүү экенин айтты.

Жазга чейин өлкөдө жарым миллион кишинин билим алышын максат кылгандарын белгилеген Амусевич: "Жардамы үчүн Түркияга чоң рахмат! Түркия биздин боордош эл", - деди.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусия менен Украинанын ортосунда арачы болуу аракетинин оң болооорун билдирген Амусевич: "Албетте, мүмкүн болсо, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү керек, бирок жаңжал чыкса, өзүбүздү коргойбуз", - деп айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости