www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Казакстан темир жолу” улуттук ишканасы Instant Payments компаниясы менен электрондук билеттерди сатуу боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотту. Расмий маалыматта 2023-жылдын аягына чейин жарактуу болгон бул келишимди жокко чыгаруунун себептери так түшүндүрүлгөн жок. Болгону “Казакстан темир жолу” мындан ары билет сатуу милдетин атайын кассалар жана онлайн сервистер аркылуу өзү аткара турганын билдирди.

Instant Payments компаниясынын Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаевага байланышы бар. Назарбаева 2011-жылы түзүлгөн компаниянын негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн.

Instant Payments поезд жүргүнчүлөрүнө сатылган ар бир билеттен 44,8 теңге өлчөмүндө комиссия кармап калып турган. Бул компания өз сайтында билет сатууга "жаратман мамиле кыларын", “кардарлар менен жаңы технологиялардын жардамы менен иш алып барарын" жарыялаган.

Бул киреше булагынан ажырап жаткан Алия Назарбаевага таандык деген экинчи компания. Январда президент Касым-Жомарт Токаев кайра иштетүү акысын чогулткан Operator ROP компаниясын жабууга буйрук берген. Казак маалымат каражаттары бул компанияны да Алия Назарбаева менен байланыштырышкан.

Казакстанда январь айынын башындагы 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган тополоң жана нааразылыктан кийин мурдагы президенттин жакын туугандары жана күйөө балдары кирешелүү компаниялардагы жана мамлекеттик мекемелердеги маанилүү кызматтарынан айрылышты. Айрым серепчилер муну азыркы президент менен мурдагы президенттин жактоочуларынын ортосундагы атаандаштык менен байланыштырып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости