www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко өлкөдөгү кырдаал турукташса, кызматтан кетерин билдирди.

Бул тууралуу Лукашенко Владимир Соловьевдин түз эфирде көрсөтүлгөн ютуб каналына берген маегинде айтты. Соловьевдин: "Мамлекетти дагы канча башкарууну пландап жатасыз?", - деген суроосуна жооп берген Лукашенко, эгер согуш чыгып кетсе же 2020-жылдагыдай окуялар башталса, кызмат ордунда болоорун билдирди."

Ишенип коюңуз, мен президент болгусу келген президент эмесмин. Кудай сактасын, көп шарттарга көз каранды болгон абалга туш болосуң. Кырдаал жөнгө салынып, баары тынчыса, өлкөнү башкара турган жаңы ысым чыгат", - деди Лукашенко.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости