www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь РИИБге арыз менен 40 жаштагы С.Б. аттуу шаардын тургуну
кайрылып, 2018-жылдын 6-10-июлдарында үйдүн сырткы эшигин ачышып,
арзыдануучунун батирине киришип, акча каражаттарын жана зергер буюмдарын
уурдап кетишкен белгисиз жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүүлөрүн
суранган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин
164-беренсинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин крминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү
учурунда мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун
активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ыкчам каттоосунда
турган Жалал-Абад облусунун 1984-жылы туулган И.А. аттуу тургуну
кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран Бишкек шаарында жайгашкан дагы эки
батирден уурдоого тиешеси бардыгы аныктылды.
Азыркы учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине тиешеси
бардыгы иликтенип жатат. Тергөө амалдары жүрүүдө деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости