www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Болот Темировго козголгон кылмыш ишинин анын журналисттик иликтөөсүнө тиешеси жок деп билдирди ИИМдин тергөө башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов 21-апрелде министрликте өткөн маалымат жыйында.

Анын айтымында, милиция кызматкерлеринин саясатка эч кандай тиешеси жок. «Аны кармаганда журналисттер Ички иштер министрлигине келишти, анан мен чыгып жооп бердим. Бул кокустук болушу мүмкүн», - деди Аманкулов.

Буга чейин Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо») менен кармалган.

Темировдун иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлүп, андан баңгизаты табылган. Темиров өзү баңгизатты атайын салып коюшканын билдирген. Журналист камактан бошотулуп, иш иликтенип жатат.

20-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Темировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 379- беренесинин 1,2,3-бөлүмдөрү («Документтерди жасалмалоо») жана 378-беренесинин 1-бөлүгү («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иштери козголгон. Кылмыш-жаза кодексинин 2-ст.») менен кылмыш иштери козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости