www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядан Евробиримдикке жаратылыш газын берүү май айында аякташы ыктымал. Анткени Брюссель - орус энергиясы үчүн рубль менен акы төлөө системасы европалык санкциялардын талабына жооп бербейт деп эсептейт. Бул тууралуу Италиянын энергетика, электр тармактары жана айлана-чөйрөнү жөнгө салуу кызматынын (Arera) башчысы Стефано Бессегиниге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Жалпысынан алганда, бул нерсени баары эле күтүп турат. Чындап эле май айынан баштап Россия Европага газ жибербей калышы мүмкүн. Андай болсо бир көйгөй бар, ЕБ газ сактоочу кампаларын толтурууга жетишпей калды. Учурда Италия башка мамлекеттер менен келишим түзүүгө аракет кылып жатат. Байкап туралы", — деди Бессегини.

Бессегини мындай макулдашуулар импорттук газдын көлөмүн дароо жаба калбасын моюнга алды. Орусия газын алууну токтоткондон кийин абал бир топ оорлошу мүмкүн экени айтылды. Мисалы, түнкүсүн жарык берүүнү чектөөдөн баштап жылуулук берүүгө чейин чектөөлөр коюлушу ыктымал.

Arera жетекчисинин айтымында, Орусия газын өчүргөн күндөн баштап Италия калкты газ менен камсыздоону жолго салганга чейин он аптадай убакыт керек.

"Евробиримдикте Италия менен Испания гана электр энергиясын өндүрүү үчүн жарым-жартылай газ колдонот. Немецтер көмүрдү, ошондой эле атомдук энергияны кеңири пайдаланат. Бирок азыр мен Францияга көбүрөөк боорум ооруп жатат. Алар азыр атомдук электр станцияларын оңдоп жатышат. Аларга дагы газ абдан керек",— деди Бессегини.

Батыштын Орусияга каршы санкцияларына байланыштуу Италиянын премьер-министри Марио Драги энергия менен камсыздоо жаатында Орусиядан көз карандылыкты азайтып, башка өлкөлөрдөн, атап айтканда, Азербайжан, Алжир, Тунис жана Ливия өлкөлөрүнөн жаратылыш газын импорттоону сунуштаган.

Белгилей кетсек, апрель айынын башында Драги Алжирге иш сапары менен барып, эки өлкөнүн алдыңкы мунай жана газ компаниялары кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан. Ушундай эле максатта Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо жана экология министри Роберто Синголани Ангола менен Конго Республикасына иш сапары менен барышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости