www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги чет өлкөгө ишке орноштуруу боюнча жалган маалыматтар тарап жатканын билдирет. Маалыматка ылайык, учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору компаниялардын бири менен макулдашуунун алкагында Кыргызстандын жарандарын Улуу Британияга айыл чарба чөйрөсүндөгү мезгилдик иштерге жумушка орноштуруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Учурда социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Улуу Британияга жана башка Европа жана Азия өлкөлөрүнө ишке орноштуруу жөнүндө мыйзамсыз жарыялоо фактылары орун алууда.

“Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик органдар менен биргеликте уруксаты жок, шек жараткан жарнактарга жол бербөө, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлөргө ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарды аныктоо боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырып жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Алдамчылык аракеттерге жол бербөө, ошондой эле мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларына бөгөт коюу максатында ИИМ шектүү фактылар же адамдар боюнча төмөнкү телефондорго маалымдоону өтүнөт: (0312) 26-61-70, 26-61-65 жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору - 1899 же 102.

Айыл чарба иштерине ишке орноштуруу эрежелери жөнүндө толук маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун сайтынан migrant.kg жана “AgriHR” компаниясынын сайтынан алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости