www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-мартта, төрага Талант Мамытов баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламент аралык ассамблеясынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Алматы шаарында уюштурулган маарекелик отурумга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Төрага Талант Мамытов куттуктоо сөзүн сүйлөп, тарыхый урунттуу учурларга токтолду. Анын ичинен КМШ ПААнын биринчи пленардык отуруму 1992-жылы сентябрда Бишкек шаарында өткөнүн жана ага КР Жогорку кеңешинин спикери Медеткан Шеримкулов төрагалык кылганын баса белгиледи.

"Ассамблея демилгеси менен алгач 1994-жылдын май айында кабыл алынган маанилүү документтердин бири Бишкек протоколу болуп эсептелет. Аталган протокол ошол учурдагы Тоолуу Карабак окуясын жөнгө салууга багытталган", - деди төрага.

Ошондой эле, Жогорку Кеңеш тарабынан “Шериктештиктин балдары” деп аталган долбоору жана Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты негиздөө демилгеси көтөрүлүп, бул сунуштар КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин колдоосуна ээ болгонун маалымдады. “Учурда Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык КМШ ПАА тарабынан жыл сайын берилүүчү мартабалуу сыйлыктардын бири болуп саналат”, – деди төрага.

Мындан ары да кыргыз тарап КМШга мүчө-мамлекеттердин интеграциясын бекемдөөгө тиешелүү туруктуу позицияны ээлей берерин белгилеген Талант Мамытов Шериктештик постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттердин өз ара кызматташуусу үчүн негизги диалог аянтчасы болуп кала берерин кошумчалады.

Ошондой эле Парламент аралык ассамблея түзүлгөндөн бери маданий-гуманитардык, саясий-экономикалык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынганы, парламенттер аралык байланышты чыңдоо жаатында түрдүү саамалыктар жана долбоорлор ишке ашырылганы баса белгиленди.

"2022-жыл - Каракол шаарын Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоонун алкагында Кыргызстанда өтүп жаткан иш-чараларга бардык мүчө өлкөлөрдү жигердүү катышууга чакырам" - деген Талант Мамытов ассамблеянын ишмердүүлүгү мындан ары да тынчтыкты, коопсуздукту жана улуттар аралык ынтымакты сактоого багыттала берерине ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, 1992-жылдын 27-мартында Алматы шаарында Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын парламент жетекчилери КМШ Парламент аралык ассамблеясын түзүү тууралуу макулдашууга кол коюшкан. Кийинчерээк ассамблеяга Азербайжан менен Молдова да кошулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости