www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров экинчи күнү эс алуу өргөөсү аяктайт. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров мамлекеттен чыгып, коңшу Казахстан аркылуу Турцияга учуп кеткендиги тууралуу маалымат таркаган.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы мындан бир нече убакыт мурун министрдин орун басары Данияр Абдыкаров менен байланышып төмөндөгүлөрдү тактаган. Данияр Абдыкаров өзүнүн үй-бүлөөсү менен, жубайы жана баласы болуп кыска мөөнөттүк эмгек өргөөсүн алып, 2018-жылдын 3-июнь күнү Туркия мамлекетине эс алып келүүгө учуп кеткен. 2018-жылдын 3-июнь дем алыш күнү болгондугуна байланыштуу өлкөдөн чыгууга уруксат кагазын алууга жетишпей калган.
Бишкек шаарына 2018-жылдын 11-июнь күнү учуп келээрин билдирген. 2018-жылдын 12-күнү ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров ишке чыга тургандыгын билдирген. Уруксаты жок өлкөдөн чыгып кеткендиги үчүн жумушка чыккан күнү өзү түшүндүрмө берет, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg