www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекет башчыларынын саммити менен дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү маалында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чаралары ИИМ тарабынан жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын сентябрь айында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммити жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.
Ички иштер органдарынын негизги тапшырмасы-масштабдуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүү жана Ички иштер министрлиги тарабынан комплекстүү уюштуруучулук жана практикалык чаралар көрүлүүдө.
Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С. Өмүрзаковдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам штабы түзүлүп, өздүк курамдын күчүн жана каражатын башкаруу менен бөлүштүрүү тапшырмасы жүктөлдү.
2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында жана республиканын борбор шаарында Кыргызстандын тарыхында масштабтуу иш-чаралар өткөрүлгөнү жатат.
Кыргызстанга майрамдык иш-чараларга көрүүгө Европанын, Азиянын, Африканын жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн коноктор келишет. Республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы “Күчөтүлгөн” тартипте кызматын өтөшөт.
Ички иштер органдарынын 6 миңден ашуун кызматкерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммити жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү даярдоонун жүрүшүндө кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу жана бетин ачууга багытталган ыкчам-издөө, алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт.
Булак: NazarNews.kg