www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн үч жаран кармалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башында ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн үч жаран кармалды.
Буга чейин, Бишкек шаарында чет өлкөлүк 1979-жылы туулган Г. Д. аттуу жараны кармалган. Ал ден соолугуна атайлап оор залал келтиргендиги, ошондой эле мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жеткирилген.
Башка бир учурда, Эл аралык “Манас” аэропортунда Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө аракет кылган 1988-жылы туулган С.В. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Ал чет мамлекеттин жарандарын мыйзамсыз өлкөгө алып кирүүгө, административдик жасалма документтерди колдонуп алдамчылык кылмыштарга аралашууга шектелип Франция мамлекетинин кылмыш-жаза мыйзамдары аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн. Кармалган адам Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБ Тергөө кызматына жеткирилген.
Мындан сырткары, Бишкек шаарындага “Коопсуз шаар” системасынын видео көзөмөл камераларынын жардамы менен жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында чет өлкөлүк 1986-жылы туулган А.Х. аттуу жаран кармалган. Ал алдамчылык кылмыштарына шектелип эл аралык издөөгө алынган. Кармалган жаран Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туруктуу негизде жүзөгө ашырылып, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Көрүлүп жаткан чаралар изделип жаткан адамдардын жүргөн жерин өз убагында аныктоого жана мыйзамдарда каралган процессуалдык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүдө.