www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Лейлек районунун акиминин орун басары жана Лейлек РИИБдин башчысынын катышуусунда райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
- Жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
- Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кибер кылмыштуулук жана кибер алдамчылык тууралуу кеңири маалымат берилип, алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү.
- “Үй-бүлө” операциясынын алкагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
- Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция боюнча маалыматтар берилди.
Жыйындын соңунда катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.
