www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Баткендин күч органдарына эки автоунаа белек кылды” деген маалыматты төгүндөгөн билдирүү таратты.

Мекеменин сайтына Баткен милициясына таянып жарыяланган маалыматта интернетте тарап жаткан кабар чындыкка дал келбеси айтылат.

“7-октябрда болжол менен кечки саат алтыда Баткендин Кадамжай районунда милиция кызматкерлери документ текшерүү үчүн Э.Мамбеталиев аттуу жаранга тиешелүү 09KS822AAI жана 09KS820AAI номерлүү эки «CHEVPOLET-SUBURBAN» машинаны токтоткон. Учурда Кадамжай ИИБ кызматкерлери бул автомашиналарды текшерип жатат” деп айтылат билдирүүдө.

Учурда интернеттеги социалдык түйүндөрдө жана айрым маалымат агенттиктеринин сайтында “Эркин Мамбеталиев күч органдарына автоунаа белек кылды” деген кабар тарап жатат. Андагы сүрөттөрдөн Мамбеталиев жана бир нече адам эки жолтандабастын жанында алакан жайып бата тилеп жатканын көрүүгө болот. Ошол эле жерде милициянын формасын кийген кызматкер колуна фотоаппарат алып, окуяны сүрөткө тартып жатканы бар.

Бул сүрөттөрдүн аныктыгы расмий тактала элек.

Эркин Мамбеталиев 1990-жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. 2000-жылдардын башында Алмазбек Атамбаевдин жеке жан сакчысы болгон. 2008-жылы Жогорку Сот анын үч адамдын өлүмүнө катыштыгы бар деп өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Мамбеталиев түрмөдөн чыккан. 

Последние новости