www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызыл-Кыяда шифер заводу ишке кирет

Быйылкы жылы Кыргызстанда өндүрүштө чоң өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлүүдө. Өлкөдөн инвесторлор чыгып кетип жатат дегенибиз менен жеке казынанын салымы менен 2020 - жылдын 1 жарым жылдыгында Кызыл-Кыяда жаңы шифер заводу ачылат.

Маалыматка ылайык, завод 255 млн. сомго салынат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Баткен облусуна болгон иш сапарында маалым болду.

Заводдун башкы директору Санжар Капаровдун айтымында, завод жылына 3.7 млн. сомго чейин шифер чыгаруусу күтүлөт жана 120 жумушчу орун түзүлөт.

«Региондорду өнүктүрүүдөгү инфраструктура бизнес-долбоорлор үчүн 2 млрд. сом каралган. Аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын коомдук фонд түзүлгөн. Ошону менен бирге эле жарандарды жүмуш орду менен камсыз кылган жана жергиликтүү коомдуу өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн ачылып жаткан өнөр-жай демилгесин колдойбуз», – деп билдирди өкмөт башы. Бул тууралуу «Факты.kg» гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости